Жогорку Кеңеш президентке Байсаловду кызматтан алууну сунуш кылды

Жогорку Кеңештин депутаттары президент Садыр Жапаровго министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алууну сунушташты. Мындай чечимди депутаттар 22-июнда маселени кезексиз тартипте карап жатып кабыл алышты. 

Байсаловду кызматтан алуу маселесин кароо сунушун «Ата-Журт Кыргызстан» жана «Ишеним» фракциялары, ошондой эле «Мекенчил» депутаттык тобу алып чыккан.

Фракциялар Байсалов Конституциянын 1-беренесинин 6-пунктун (Кыргыз Республикасынын элинин атынан Президент жана Жогорку Кеңеш чыгууга укуктуу) парламенттик комитеттин 20-июнундагы жыйынында жана ЖМКга курган маегинде да бузган деп эсептешет.

«Аталган сөздөрү Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирет. Андан тышкары, ал “Минкаб тууралуу” конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктун бузат (Министрлер кабинетинин мүчөсүн антты бузгандыгы үчүн кызматтан бошотуу)», — деди «Ишеним» фракциясынын башчысы Улугбек Ормонов Байсалов мамлекеттик кызматкердин этикасын дагы бузганын кошумчалап.

Мындай чечим үчүн 72 депутат добуш берип, үчөө каршы чыкты.

Президентке Байсаловду кызматтан алууну депутаттар минкабдын өкүлү депутаттардын дарегине кезектеги жолу жагымсыз сөздөрдү айтып, 20-июнда парламент комитетинин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев менен кайым айтыша кеткенден кийин сунушташты.

Аталган жыйында айрым депутаттар Саламаттык сактоо министрлигинде ажырым бар болушу мүмкүн дешкен. Байсалов министрликти коргоп сөз алып, депутаттарга аткаруучу бийлигинин өкүлдөрүнөн «экзамен албай», кат түрүндө берилип жаткан жоопторго ыраазы болгула деп айткан. 

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев Байсаловдун сүйлөгөн сөздөрүнө жооп берип, ал «мыйзам чыгаруучу бийликтин жана аткаруу бийлигинин ортосунда чоң жарака кетирип» жатат деп билдирген. Шакиев Байсалов «ойлонбогон, жоопкерчиликсиз сөздөрү» үчүн тартип жоопкерчилигине чакырылышы керек деген.

Байсалов 2021-жылдын октябрынан бери Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары кызматын аркалап келет. Ага чейин, 2019-жылдан тартып Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп иштеген.

Садыр Жапаров президент болуп келгенге чейин Байсалов Жапаровго чейин бийликте тургандарды сындап келген. Бирок азыр бардык иш башталыштарында, реформаларда жана демилгелерде тек гана Жапаровду колдоп жүрөт.

Ал тургай 2022-жылдын апрелинде Жапаров өзү да Байсаловду коргогон оюн айткан. Ал убакта жарандар Байсаловду ар башка темалар боюнча билдирүүлөрү үчүн сындап жаткан болчу.

Президент Байсаловдун «өз көз карашы бар», көп нерсени ачык айтат деп жооп берген

«Бирөөгө жагабы-жакпайбы, ага көңүл бурбайт. Демократияга көбүрөөк ыктаган чиновник. Бизде демократия. Ар ким сунушун, өз көз карашын ортого таштайт. Аны талкуулайбыз. Жакса, кабыл алабыз. Жакпаса, четке кагабыз», — деген анда президент.