«Тазалыктын» жетекчиси жараксыз техникаларды темирге өткөрүп, ордуна жаңысын алууну көздөөдө

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рамиз Алиев жараксыз техникалар сакталган жайды көрсөттү. Ал колдонулбай жаткан техникаларды металлоломго өткөрүп, түшкөн акчага жаңы 1-2 унаа алса болорун билдирди.

Алиев көп жылдан бери колдонулбай жаткан техникаларды «жараксызга» чыгаруу көйгөйлүү маселе экенин айтып, мурдагы жетекчилердин бири да андай кылууга аракет кылбаганын кошумчалады.

«10 жылдан кийин, жада калса бир жылдан кийин “унаалар жакшы болчу” деп айтып чыгышат. Алиев же Эшматов келип баарын сатып жиберген дешет», — деп маселени түшүндүрүп берди ал.

Алиев ошол себептен бардык жараксыз техниканы сүрөткө тартып, фотоотчёт кылып сатууну пландап жатканын белгиледи.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэриясына борбор калаадагы жараксыз автобустарды тез арада металлоломго чыгарууну тапшырган. Анда калаага миң жаңы автобус келери, аларга орундарды даярдоо керектиги белгиленген.

«Тазалыктагы» техника көйгөйү

«Тазалык» ишканасында техникалардын жетишсиздигинен борбор калаада таштанды чыгарууда көйгөйлөр жаралып келет. Ошол себептен ишкана айрым райондордо таштанды чыгарууну жеке компанияларга берген.

Бирок «Тазалыктын» айрым кызматкерлери ага каршы чыгышкан. Митингге чыккан айрым кызматкерлер ишкана техникаларын «оңдоп-түзөөдөн өткөрсө, шаардын тазалыгын камсыз кылууга болот» деп белгилешкен.

Кийинчерээк «Тазалыктан» теникалардын жарымы оңдолуп, ишке киргизилгени кабарланган. Ошондой эле калаада ишканага тиешелүү 14 техника иштеп жатканы белгиленген.

Үстүбүздөгү жылдын февралында «Тазалыктын» жетекчиси Рамиз Алиев ишкана 29 бирдик атайын техника сатып аларын билдирген. Анын айтымында, бул кызматкерлердин ишин жеңилдетип, 500 тоннага жакын таштанды чыгарууга мүмкүндүк берет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент Бишкек мэриясына жараксыз автобустарды металлоломго чыгарууну тапшырды