Президент Бишкек мэриясына жараксыз автобустарды металлоломго чыгарууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэриясына борбор калаадагы жараксыз автобустарды тез арада металлоломго чыгарууну тапшырды. Бул тууралуу 1-апрелде президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысы Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментин пландан тышкары текшерүү үчүн барган.

Султанбаевдин айтымында, президенттин тапшырмасы менен жакын арада борбор калаага миң жаңы автобустан турган кошумча партия келет. Бирок муниципалитеттин Транспорт департаментинин аймагында шаардагы көп жылдардан бери жараксыз абалга келген автобустар токтоп турат.

«Шаарда транспорт маселесинин акырындап чечилиши менен, бардык кичи автобустар шаардын четине чыгарылат. Президент бардык жараксыз, эски автобустарды тез арада металлоломго чыгарууну жана аймагын кеңейтип, жаңы автобустарга орундарды даярдоону тапшырды», — деп билдирди басма сөз катчы.

Ошондой эле ал, башкармалыктын аймагында курула турган техникалык тейлөө станциясынын курулушун тездетүү тапшырмасы берилгенин кошумчалады. Билдирүүгө караганда, аны келишим боюнча жаңы алынып келинген автобустардын өндүрүүчүсү болгон кытайлык завод курат.

Бишкек шаарында коомдук транспорттун жетишсиздиги бир топ жылдан бери эле маселе жаратып келет. Ал эми аткаминерлер тургундарды шартка ылайык тейлөө жана маршруткалардын санын кыскартуу үчүн борбор калаага кеминде 1300-1500 автобус жана троллейбус керектигин айтышууда.

Өткөн жылдын башындагы маалыматка ылайык, Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын автопаркынын балансында 476 автобус бар, анын ичинен 300 автобус жарактан чыгып токтоп турат. Учурда шаарды күнүнө 130 троллейбус жана 85 автобус тейлейт.

Бийлик транспорт жетишсиздиги менен күрөшүү максатында үстүбүздөгү жылдын башында Бишкек шаарына Кытайдан газ менен жүрүүчү 120 автобус сатып алган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мэрия: Бишкекте 300дөн ашуун автобус жараксыз абалда, каттамга 85и гана чыгууда

Султанбаев Бишкекке «Белес» компаниясынан эмес, Кытайдан автобус алуунун себебин айтты

Бишкек мэриясы атамекендик BELES автобусунан бешти сатып ала турган болду