Алайда жол кырсыгынан эки үй-бүлөдөн 6 киши каза тапты

Ош — Алай — Эркеч-Там унаа жолунда жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа кагышып, жыйынтыгында эки үй-бүлөдөн жалпы 6 киши каза тапты. Бул тууралуу 26-июнда «Турмуш» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, кырсык 24-июнда аталган унаа жолдун 93-чакырымында катталып, анын кесепетинен жеңил унаа талкаланып, ал эми жүк ташуучу унаа Гүлчө дарыясына кулап кеткен.

Кырсыктан каза тапкандар Алай районунун Мурдаш айылынын тургундары болгон

«Бир үй-бүлөдөн 4 адам, экинчи үй-бүлөдөн чоң ата менен небереси көз жумду. Алар 25-июнда жерге берилди», — деп билдирди аталган айыл өкмөт башчысы.

«Клооптун» өздүк булактары жүк ташуучу унааны 2003-жылы туулган айдоочулук күбөлүгү жок бала башкарганын билдиришти. Ал эми милиция бул маалыматты тактап берүүнү убадалады. 

Буга чейин, 8-майда, Ош — Раззаков авто жолунун 16-чакырымында болгон жол кырсыгынан 20 жана 18 жаштардагы эки студент каза болгон. Ал эми унаадагы жүргүнчү — Кадамжай районунун 18 жаштагы тургуну жараат алып, Ош шаардык ооруканасына жеткирилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ноокат: Жол кырсыгынан 2 адам каза таап, дагы бири ооруканага жеткирилди