Ноокат: Жол кырсыгынан 2 адам каза таап, дагы бири ооруканага жеткирилди

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Ноокат районунда жол кырсыгынан 20 жана 18 жаштардагы эки студент каза болду. Бул тууралуу 12-майда «Клоопко» облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 8-майда Ош — Раззаков авто жолунун 16-чакырымында катталган.

Анда Ноокат районунун 43 жаштагы тургуну Honda CR-V үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, карама-каршы жол тилкеге чыкканда Кадамжай районунун 20 жаштагы тургунунун башкаруусундагы «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү унаа менен кагылышып кеткен.

Натыйжада, «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү унаа айдоочусу жана 18 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерде каза табышкан. Ал эми унаадагы жүргүнчү — Кадамжай районунун 18 жаштагы тургуну денесинен жараат алып, Ош шаардык ооруканасына жеткирилген.

Учурда окуя боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылы 20-апрелде, Сокулук районунун Ат-Башы айыл өкмөтүндөгү мектеп-лицейдин окуучуларын ташыган автобус жол кырсыгына кабылган.

Анда мектеп автобусу GoBus кичи автобусу менен кагышканы айтылган. Ооруканага кайрылган жалпы 27 баланын абалы туруктуу экени айтылып, ал эми комада жаткан бир окуучу 6-майда өзүнө келген.

Бул боюнча «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен иш козголгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сокулуктагы окуучулар кабылган жол кырсыгы: Комада жаткан бала өзүнө келди

«Унаа экиге бөлүнүп кеткен». Бишкекте жол кырсыгында эки адам каза таап, экөө ооруканада

Орусияда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, бир адам каза болду