«Уулума тынч жашоо жок». Зордукталган 11 жашар баланын атасы президентке кайрылды

Сокулук районунда зордукталган 11 жашар баланын атасы президент Садыр Жапаровго кайрылып, шектүүлөргө чара көрүп берүүнү суранды. Анын айтымында, иштин тергөөсү үч жолу кыскартылып, шектүүлөр бүгүнкү күнгө чейин эркиндикте жүрөт. Бул тууралуу баланын атасы Kaktus.media басылмасына айтып берди.  

«Урматтуу Садыр Жапаров! Мен сизге жеке кайрылып жатам. Үй-бүлөмдө кырсык болду: биринчиден, баламды кыйнап, зордуктап, сууга чөктүрүштү, менин өмүрүмө кол салуу болду, түндө эшиктин кулпусун талкалап, документтеримди уурдап кетишти. Кайда болбосун кандайдыр бир “маселе" бар. Мен көптөн бери милицияга, прокуратурага кайрылып келем. Кайда гана кайрылбадым. Эч жерде өз укугумду коргогонго мүмкүнчүлүк жок. Бардык жерде кордошот. Мен эмне кыларымды билбей калдым. Бул жерде менин уулума тынч жашоого мүмкүнчүлүк жок. Башка жерге кантип качып кетеримди да билбейм», — деп кейиди баланын атасы. 

Юрист Индира Саутованын айтымында, бала 2021-жылдын мартында эки өспүрүм тарабынан эки жолу зордукталган. Саутова жабыркаган бала окуя тууралуу ата-энесине дароо айтып бере албай, бир айдын ичинде дагы бир нече жолу кордолгонун айтат. Анын айтымында, Сокулук РИИБи менен прокуратура ишти кылмыштын курамы жок деп негизсиз кыскартып келет.  

Саутова дайындалган соттук-медициналык экспертизалар эч нерсени аныктаган эместигин, себеби зордуктоолордон кийин бир нече ай өтүп кеткенин кошумчалады.

«Тергөөдө кылмыштын курамы жок деп айтылып жатат, анткени зордук-зомбулук фактысы болгон деген соттук-медициналык экспертизанын корутундусу жок, эмне үчүн бул окуядан кийин балада травмадан кийинки синдром барбы деген суроо көтөрүлбөй жатат? Негизи эле суроолор эксперттер тарабынан атайылап коюлган эмес деп ойлойбуз. Экспертиза балдар боюнча адистерди тартуу менен жүргүзүлүшү керек. Ошондуктан тергөөдө мүчүлүштүктөр бар экенин айтып жатабыз, аларды жоюу керек», — деп билдирди юрист.

Бишкектеги балдарга жардам берүү борборунун номери: +996773192099 жана +996707079597. Жалал-Абадда дагы балдар үчүн «Ак жол» реабилитациялык борбору иш алып барат, борбордун байланыш номери: +996773741191.

Зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борборлорунун даректери жана телефон номерлери:
  • Чүй облусу, Бишкек, Карасаев көчөсү №73, телефон: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934;
  • Ош облусу, Ош, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1, телефон: 03222 62288;
  • Талас облусу, Талас, телефон: 0778 4366775;
  • Ысык-Көл облусу, Каракол, Жамансариев көчөсү № 163, телефон: 03922 50405, 03922 50212.