«Бийликтин көрсөтмөсү» — Кемпир-Абад ишинин фигуранттары сот чечими тууралуу

Кемпир-Абад ишинин фигуранттары судья Марат Сыдыковдун алардын иши боюнча отурумдарды жабык өткөрүү чечиме каршы экенин билдиришти. Алар Сыдыков мындай чечимди «бийликтин көрсөтмөсү» менен кабыл алган деп эсептешет. Бул боюнча билдирүүнү Фейсбуктагы барагына айыпталуучулардын бири Равшан Жээбеков жарыяланды.

«Себеби Кемпир-Абад ишинде эч кандай жашыруун сыр жок. Кылмыш иште биздин “Casa Italia” кафесинде сүйлөшкөн сөздөрүбүз, социалдык медиалардан УКМКнын чогулткан аудио, видео материалдары жана посттор бар. Ошондой эле биздин айткан сөздөрүбүзгө жасалган экспертизалар тиркелген. Ички иштер министрлигинен эки үч кызматкерлеринин оперативдик рапорттору дагы киргизилиптир. Мына ушуларды азыркы бийлик жана анын көз каранды соту жашыруун сыр деп сотту жабык кылышты», — дейт алар.

Кемпир-Абад ишинин фигуранттары сотту жабык тартипте өткөрүү чечими бийлик элден «чындыкты жашырып» жатканына далил деп эсептешет.

«Биздин ак экенибиздин далили», —деп айтылат билдирүүнүн аягында.

Кечээ жакында Кемпир-Абад иши боюнча баштапкы угуулар аяктады, кийинки соттук отурум 7-июль саат 10:00до жабык тартипте өтөт. 

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет.

Активист, саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигинен кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

2023-жылдын 26-июнуна карата бардык айыпталуучулардын ичинен 14 адам тергөө изоляторунда калууда: Бектур Асанов, Акыл Айтбаев, Темир Махмудов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Жеңиш Молдокматов, Марат Баязов, Азимбек Бекназаров, Али Шабдан (Чынарбек Шабдан уулу), Эрлан Бекчоро уулу, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов жана Илгиз Шаменов.