Бишкектин мэри: ЖЭБди газга өткөрүү жылуулук жана электрдин тарифин кымбаттатат

Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү жылуулук жана электр энергиясы үчүн тарифтердин кымбатташына алып келет. Бул тууралуу Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров 26-июнда Свердлов районунун тургундары менен жолугушуу учурунда айтты.

Ал ЖЭБди газга өткөрүү маселеси минкабдын деңгээлинде каралып жатканын эске салды. Мэр бул маселе боюнча район тургундарынын пикирин сурады.

«Свердлов районуна, ЖЭБ сиздерге аябай жакын, түтүнү сиздерди каптап турат. Ошон үчүн 2-3 күн мурда минкабда бул маселе да каралды. Негизи Бишкек шаарына Кара-Кеченин көмүрүн жагууну чектөө маселеси жалпы жонунан чечилди. Азыркы кезде ар бир төрт райондо каллогендүүлүгү көбүрөөк, түтүнү азыраак Казакстандын көмүрүн алып келүү маселеси каралып жатат, Энергетика министрлиги менен», — деди калаа башчысы.

19-июнда Министрлер кабинетинде алдыдагы жылытуу мезгилинде экологиялык абалды жакшыртуу жана Бишкекте түтүндү болтурбоонун алдын алуу боюнча жумушчу кеңешме өткөн. Кеңешмеде ЖЭБди газга өткөрүү маселеси дагы көтөрүлгөн.

Жаратылыш ресурстары министри Мелис Тургунбаевдин айтымында, борбордук ЖЭБ жаратылыш газына өтсө көмүрдү пайдалануу 600 миң тоннага жакын кыскарат.

Жыл сайын Бишкек кыш келери менен абасы булганган шаарлардын рейтингинде биринчи саптарга чыгат.

2022-жылдын октябрынын аягында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкектеги ыш тууралуу изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен тааныштырган, ага ылайык шаардагы абанын булганышына жеке үйлөрдү жылытуу үчүн жагылып жаткан сапатсыз көмүр негизги себеп болууда. Бийлик калаада аба булганып жатканына сапатсыз бензин жана жыш курулуштар, Бишкек ЖЭБи дагы себеп экенин айткан.

Калаа мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиевдин айтымында, Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү үчүн 1,7 млрд сом талап кылынат.

Башкы беттеги сүрөт: Бектур Стамкулов / «Азаттык».