«Кабар» улуттук маалымат агенттиги казынадан 6,9 млн сомго каржыланат

Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигине мамлекеттик бюджеттен 6,9 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу 26-июнда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында маалымдалды.

Жыйында Финансы министрлиги улуттук агенттикти каржылоо үчүн казынадан каражат бөлүп берүүгө уруксат сурап, парламенттин өкүлдөрүнө кайрылды. Ал эми депутат Дастан Бекешев министрликтин сунушуна каршы чыкты.

«Биз [мамлекеттик] массалык маалымат каражаттарын каржылоого дайыма акча бөлөбүз. “Пирамида”, “Бешинчи каналга” канча бердик, азыр банкрот болуп жатат. [...] Биз аларга былтыр 20 млн сомдон бергенбиз, анын мааниси жок болуп калды. “Кабар” да ушундай болбосун да, аны аз эле киши окуйт», — деди эл өкүлү.

Ал эми «Кабар» маалымат агенттигинин жетекчиси Медербек Шерметалиев улуттук агенттиктин техникалык жабдуулары эскиргенин, аны жаңылоо үчүн каражатка муктаждык бар экенин билдирди.

Ошондой эле Маданият министрлигинин өкүлү быйыл «Пирамида» жана «Бешинчи канал» телеканалдарына мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнбөгөнүн белгиледи. 

Парламенттин өкүлдөрү Финансы министрлигинин өтүнүчүн канааттандырды.

Буга чейин Маданият министрлиги «Пирамида» жана «Бешинчи каналды» жоюу иши жүргүзүлүп жатканын маалымдаган. Мурдараак «Бешинчи каналдын» жааматы төрт айдан бери эмгек акы албай жатышканына даттанып, президенттен 60тан ашык адамды ишсиз калтырбоону өтүнүшкөн.

«Бешинчи канал» 2005-жылы обого чыга баштаган. 2010-жылга чейин жеке менчикте иштеген. Апрель окуясынан кийин улутташтырылган. Ал эми эгемен Кыргызстандын тарыхындагы биринчилерден болуп түптөлгөн «Пирамида» телеканалы 1994-жылы негизделип, ал дагы ошол эле жылы апрель окуясынан кийин улутташтырылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Маданият министрлиги: «Пирамида» жана «Бешинчи каналды» жоюу иши жүрүп жатат

«Пирамида» жана «Бешинчи каналдын» кызматкерлери маяна берилбей жатканын айтып даттанышты

Парламентте «Бешинчи канал» менен «Пирамиданы» сатуу маселеси көтөрүлдү