«Коммерциялык эмес уюмдар» жөнүндөгү мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуунун мөөнөтү узарды

Президент Садыр Жапаров президенттин администрациясы демилгелеген «Коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамынын долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун ишин узартты. Бул тууралуу Жапаров 14-июнда кол койгон тескемесинеде айтылат.

Президенттин тескемесине ылайык, жумушчу топ ишин 2023-жылдын 1-октябрына чейин улантат. Жумушчу топ бул убакка чейин мыйзамдын долбоорун жеткире иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарышы керек.

«Коммерциялык эмес уюмдар» жөнүндөгү мыйзамдын долбоорун президенттин администрациясы 2022-жылдын ноябрында коомдук талкууга чыгарган. Документ юристтердин жана укук коргоочулардын сынына кабылып, ал эми укук коргоочулар мыйзам «Конституцияга жана Кыргызстан кабыл алган эл аралык милдеттенмелерге жана стандарттарга каршы келгендиктен» президентти жана Жогорку Кеңешти документти артка чакыртып чакыртып алууга үндөшкөн.

Дагы окуңуз: Өтө кооптуу. Юристтер бейөкмөт уюмдар жөнүндө жаңы мыйзамдын тобокелдиктери тууралуу

Президенттик администрациянын «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзам долборунан тышкары май айында Жогорку Кеңешке «чет элдик тыңчылар» жөнүндөгү мыйзам долбоору да түшкөн, ал дагы коммерциялык эмес уюмдарга тиешелүү.

Мыйзам долбоорун парламенттин 30дан ашык депутаты демилгелеген. Алар Кыргызстанда Орусиянын «чет элдик тыңчы» деген аныктамасынын бир түрүн, ошондой эле коммерциялык эмес, бейөкмөт уюмдар жана алардын кызматкерлеринин тигил же бул бузуулары үчүн жоопкерчиликти күчөткөн ченемдерди киргизүүнү каалашат.

Депутаттар демилгелеген мыйзам долбоорун президенттин администрациясынын документиндей эле юристтер, укук коргоочулар жана бир катар эл аралык уюмдар сынга алган.