Түркияда 20 жаштагы кыргызстандык кыз изделип жатат

Түркияда кыргызстандык 20 жаштагы Жазгүл Шамуратова изделип жатат. Ал 22-июндан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу 30-июнда «МедиаХаб» билдирди.

Маалыматка караганда, кыргызстандык кыз Стамбулга 22-июнда учуп келген. Андан ары ал Болгарияга автобус менен кетмек.

«Акыркы жолу кыргыз жаранын Стамбулдун Кадыкөй районунан көрүшкөн. Ал апасына тааныш эмес аккаунттан жардам сурап жазган экен. Апасы учурда чоң шаарды жөө кыдырып издеп жүрөт», — деп айтылат маалыматта.

Жазгүлдүн бою 166 сантиметр, үстүндө кара майка, көк джинсы шым, бутунда жашыл түстөгү жашыл түстөгү жайкы бут кийим кийип жүргөн.

Аны көргөн-билгендер болсо түрк полициясына же Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине кайрылса болот.