ТИМ: Энеси сатууга аракет кылган бала Орусиядан Кыргызстанга алып келинди

1-июль күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Екатеринбург шаарында апасы сатууга аракет кылгандан кийин социалдык тейлөө мекемесине жайгаштырылган 8 жашар бала өлкөгө алып келингенин билдирди.

Маалыматка караганда, жашы жете элек бала 2022-жылдын августунда ата-энесинин камкордугусуз калып, Свердлов облусундагы мамлекеттик социалдык тейлөө мекемесине убактылуу жайгаштырылган. Аны Кыргызстанга Эмгек, миграция жана социалдык коргоо министрлигинин кызматкери коштоп келди.

ТИМден бул убакыттын аралыгында окуя боюнча соттук териштирүүлөр жүргөнүн, Екатеринбург шаарындагы башкы консулдук отурумдарга катышып, баланы Кыргызстанга кайтаруу үчүн документтерди тариздегенин белгилешти. Ошондой эле, баланы сатууга аракет кылды деп кармалган аял беш жылга эркинен ажыратылганын кошумчалашты.

2022-жылдын 10-августунда адам сатуу жана кулчулукка каршы күрөшүү менен алектенген орусиялык «Альтернатива» ыктыярчылар уюму Екатеринбург шаарында 2015-жылы туулган уулун сатууга аракет кылган кыргызстандык келин кармалганын жазып чыккан.

11-августта ТИМдин басма сөз кызматы, аталган шаардагы Кыргызстандын Башкы консулдугуна таянып, кармалган келин Кыргызстандын жараны экенин тастыктаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Екатеринбург: Уулун сатууга аракет кылган кыргызстандык аял кармалды