УКМК опузалап акча талап кылууга шектеп Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсүн кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы 120 миң сом акча талап кылып жаткан жеринен кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу мекеме 6-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, Жалал-Абад шаарынын тургунун 2 млн 900 миң сом карызга милдеттендирген.

Аталган факты боюнча мекеме тарабынан «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен облустук тергөө камак жайына 12-мартка чейин киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Көлбаев деген ким?

Көлбаев «мыйзамдагы таажылуу ууру» катары таанымал. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Камчы Көлбаевди Кыргызстандагы «кримдүйнөнүн анабашы» деп эсептейт.

2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң чоң баңги төбөл катары Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген. Ал эми 2017-жылы болсо АКШнын Финансы министрлиги да аны «кара тизмеге» киргизип, Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу топтун бир бөлүгү деп билдирген. Ал «Коля кыргыз» деген ат менен дагы белгилүү.

Камчы Көлбаев ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун лидери катары каттоого алынган. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2018-жылы ага 424 адам кирген.

Камчы Көлбаев 2020-жылдын октябрында кармалган. УКМКдан Көлбаев «уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигине жол бербөө жана аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында» кармалганын билдирген. Ал «Кылмыштуу уюм түзүү же ага катышуу» боюнча айыпталган. Ноябрда ал №47 түзөтүү абагына киргизилгени белгилүү болгон.

Бирок, 2021-жылдын 2-мартында Бишкек шаардык соту кримтөбөл Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын эч жакка кетпөө жөнүндө кол катына өзгөрткөн.

Кийинчерээк, 2022-жылы 16-ноябрда, Көлбаев жана анын 10 кишиси кыргыз-кытай чек арасына жакын жердеги Карасай өткөрмө бекетинен «мамлекеттик чек ара жана чек арадагы өткөрмө бекетинин режимин бузууга» шектелип кармалып, түшүндүрүү иштеринен кийин кайра бошотулган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Ишкерлерден акча опузалап жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды