Акылбек Жапаров: Бишкек жана Чүйдө таза суу көйгөйү эки-үч жылда чечилет

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 3-июлда Бишкек жана Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Орто-Алыш» жана «Башкара-Суу» суу топтоочу жайларына барды. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди

Минкабдын маалыматына ылайык, суу аз келгендиктен жогорудагы суу топтоочу жайлардагы скважиналар толбой, андан улам борбор калаанын бир катар калктуу конуштарына суу толук берилбей жатат. Жапаров суу топтоочу жайларды кыдырып жатып, ал жерде аба ырайынын шарттарына таасирин тийгизбей турган туруктуу каскад форматындагы резервуар болушу керектигин билдирди. 

«Кошумча скважиналарды жана суткалык бассейндерди каржылоого даярбыз, эсептөөлөрдү жана көрүнүштөрдү бериңиздер. Элди суусуз калтыруу мүмкүн эмес», — деп билдирди Жапаров.

Ошондой эле ал Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок жана Селекция айылдарынын тургундары менен жолукту. Жолугушууда ал жергиликтүүлөргө бийлик суу маселесин бир нече жылдын ичинде толук чечип берерин айтты.

«Маселе менен жеринде таанышуу үчүн атайын келдим, чечүү жолдору бар, биз бул багытта иш баштадык. Бизге убакыт бергиле жана 2-3 жылдын ичинде борборду дагы, Чүй облусун дагы толук суу менен камсыз кылуу маселесин толугу менен чечебиз», — деди Жапаров Бишкек шаардык мэриясына бир жуманын ичинде график боюнча көрсөтүлгөн айылдарды таза суу менен камсыздоо маселесин чечүүнү тапшырып.

Мындан тышкары, минкабдын төрагасы мэрияга дагы бир нече тапшырма берди: ичүүчү сууну сугат суусу катары пайдалануу үчүн айып пулду карап чыгуу, суу эсептегичтерин орнотуу жана бир жумалык мөөнөттө суу сактагыч курула турган жерди аныктоо үчүн инженердик эсептөөлөрдү берүү.

Бишкек жана Чүй облусунда борбор калаада ысык суу өчүрүлүп, күн ысып баштагандан кийин суу тартыш боло баштаган. Калаанын айрым конуштары бир канча күн таза суусуз калып, мындан улам, жергиликтүү тургундар митингдерге чыгып, бийликтен маселени чечүүнү талап кылышкан. 

Мэриянын чиновниктери Бишкекте суу тартыштык маселесин чечүүгө 500 млн сомго чукул каражат керектигин айтышкан. Ал эми парламент комитети бул маселени чечүүгө 150 млн сом бөлүү чечимин колдогон.

Ошондой эле Бишкек мэриясы суу тартыштык маселесин чечүү үчүн июндун ортосунда шаарда жаңы скважиналарды бургулоону баштаган, алардын жардамы менен шаардын кургак жана суусу аз аймактарына суу өткөрүлүп берилет. Баардыгы болуп шаарда 6 жаңы скважина куруп, бургулоо пландалууда.

Шаарда суу тартыш болуп жаткан шартта мэрия сууну көп чыгымдаган жеке мончо, унаа жуучу жайларды жана бассейндерди убактылуу жапкан. Ошондой эле муниципалитет жарандарды таза сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырган.