Бишкектеги суу тартыштык: Парламент комитети 150 млн сом бөлүп берүүнү колдоду

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети Бишкектеги суу тартыштык көйгөйүн чечүүгө 150 млн сом бөлүп берүүнү колдоду. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев билдирди.

Каражат бөлүп берүү жөнүндө чечимди парламент комитети 8-июнда кезексиз жыйында кабыл алды.

Буга чейин Бишкектин вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев парламент жыйынында калаадагы суу тартыштык көйгөйүн чечүү үчүн 500 млн сомго чукул акча керектигин билдирген. Анын айтымында, каражат жаңы суу топтоочу жайларды куруу үчүн керек. Ал эми 150 млн сомго, вице-мэрдин айтымында, бир суу топтоочу жай курса болот.

Таза суу маселесине байланышкан көйгөй жай келип, күн ысып баштагандан кийин курчуп кеткен. Айрыкча суу тартыштыгы шаардын түштүк бөлүгүндө байкалууда, ал жакта муниципалитет түнкүсүн суу берүүнү токтотуп жатат.

7-июнда калаадагы «Арча-Бешик» конушунун тургундары суу өчүрүлүп, жок болуп аткандыктан нааразылык акциясына чыгып, түштүк магистралынын эки тилкесинин бирин тосушкан.

Бийлик суу жеткирүүдөгү көйгөйлөрдү аны керектөөнүн жана абоненттердин саны өскөндүгү, сууну сарамжалсыз пайдалануу, Аламүдүн жана Ала-Арча дайраларында суунун деңгээли төмөн болуп жаткандыгы менен түшүндүрүүдө.

Андан тышкары, мэрия шаардын таза суу системасы аркылуу Чүй облусундагы Сокулук жана Аламүдүн райондорунун 32 айылы дагы суу менен камсыздаларын айтат.

Шаарда суу тартыш болуп жаткан шартта мэрия сууну көп чыгымдаган жеке мончо, унаа жуучу жайларды жана бассейндерди убактылуу жапкан. Ошондой эле муниципалитет жарандарды таза сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырган.