Арстанбаптагы «Зорька» эс алуу жайына кошумча 10 жаңы корпус салынды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында жайгашкан «Зорька» эс алуу жайына кошумча 10 жаңы корпус салынды. Бул тууралуу 3-июль күнү президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү фейсбук барагында билдирди.

Маалыматка ылайык, эс алуу жайы «Кыргызнефтегаз» ишканасында эмгектенген кызматкерлердин балдарынын жайында эс алуусуна багытталган. Биринчи топто эс алуу жайына жалпы 300 бала келди. 

Облус башкармалыгынан бул жылы эс алуу жайында жалпы беш топту кабыл алуу пландалганын белгилешти.

Аталган жайда облустагы президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев балдарга түзүлгөн шарттар менен таанышып чыкты. 

«Облус башчысы өлкөдөгү ири өндүрүштүк мекеме болгон “Кыргызнефтегаз” ишканасы өзүнүн экономикалык киреше бөлүгүн арттыруу менен гана чектелбей, аймактагы социалдык турмушта да өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келе жатканын белгиледи», – деп айтылат өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө. 

«Кыргызнефтегаз» ишканасынын төрагасы Нургазы Нишанов, быйыл күзүндө балдарды кабыл алуу токтогондон баштап дагы 10 коттежди куруу жумуштары башталаарын айтты.

«Зорька» эс алуу жайынын жетекчиси Бакыт Арапбаев быйыл бардык шарттары жакшыртылган коттеждер тендер аркылуу курулганын белгиледи.

Буга чейин, 29-июнда президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө УКМК кызматкерлеринин балдары үчүн да ден соолук чыңдоо борборун ачкан

Президент «улут коопсуздугу үчүн күрөшкөн эр-азаматтардын балдарына тиешелүү кам көрүлсө, алар дагы улут камын ойлогон мекенчил уул-кыздардан болуп чоңоюшат» деген ишеничин билдирди.