Ысык-Көлдө УКМК кызматкерлеринин балдары үчүн ден соолук чыңдоо борбору ачылды

29-июнда президент Садыр Жапаров УКМКга караштуу «Айкөл» балдардын ден соолугун чыңдоо борборун ачты. Буга чейин мекеме «Спутник» деп аталып келген. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Сүрөт: Президенттик администрация
Сүрөт: Президенттик администрация
Сүрөт: Президенттик администрация
Сүрөт: Президенттик администрация
Сүрөт: Президенттик администрация

Президент чекисттер «убактысынын көп бөлүгүн улуттук коопсуздук маселелерине жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоого арнап, үй-бүлөсү жана достору менен эс алуудан четте калып жатканын» айтып, мындан улам мамлекет жетекчилиги «алардын натыйжалуу ишмердүүлүгү үчүн шарттарды түзүүгө бардык аракетин жумшашы керек» деп баса белгиледи.

«Мамлекеттин кызыкчылыгына убактысын, ден соолугун, жаштыгын арнаган эр-азаматтарыбызды мамлекет көңүл сыртында калтырбайт. Улут коопсуздугу үчүн күрөшкөн мындай эр-азаматтарыбыздын балдарына тиешелүү кам көрсөк, алар дагы улут камын ойлогон мекенчил уул-кыздардан болуп чоңоюшат деп ишенем», — деп билдирди Жапаров.

Ошондой эле өлкө башчысы бүгүнкү күндө УКМКнын жана башка мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаңы турак жайларды, кызматтык имараттарды салуу иштери уланып жатканын кошумчалады.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы «Айкөл» ден соолукту чыңдоо борборунун бардык объектилерине эмеректер коюлуп, жабдуулар орнотулганын, ал эми борбордун аймагы жашылдандырылганын маалымдады. 

Бул УКМКнын кызматкерлери үчүн курулган биринчи мекеме эмес. Былтыр сентябрдын башында коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өлкө боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 50гө жакын жаңы имараты курулганын айткан. Бирок андан бери бийлик УКМК менен Чек ара кызматына дагы бир катар объектилерди ачты.

Быйыл май айынын аягында Ташиев Бишкекке УКМКнын администрациясынын жаңы имаратын курууга капсула салган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ташиев Бишкекте УКМКнын жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салды

Президент УКМКнын Таластагы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты