Бишкек: «Тазалык» шаарды тазалоого көмөктөшүү үчүн ыктыярчыларды чогултуп жатат

Бишкекте «Тазалык» муниципалдык ишканасы шаарды тазалоо үчүн ыктыярчыларды жана активисттерди чогултууда. Бул тууралуу аталган ишкананын директору Рамиз Алиев 4-июлда кабарлады.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Тазалык муниципалдык ишканасы (@mp_tazalyk_bishkek)

Алиевдин айтымында, ыктыярчылардан төрт топ түзүлүп, ар бир районго бөлүштүрүлөт. Алар ишкананын техкартасына кирбеген аймактарды тазалоого көмөктөшөт.

Ыктыярчылар бардык керектүү шаймандар менен камсыздалып, аларга белектер да берилет.

Шаарды тазалоого катышуу үчүн ишкананын инстаграм барагындагы жеке катка аты-жөнүңүздү жана телефон номериңизди калтырсаңыз болот.