Кримтөбөл «Карышкыр» буйрутма киши өлтүрүүгө айыпталып 14 жылга кесилди

«Карышкыр» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Мурсалым Умырзаков буйрутма киши өлтүрүүдө күнөөлүү деп табылып, 14 жылга кесилди. Бул тууралуу «Клоопко» 4-июлда Чүй облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Умырзаков «Уюшкан топ түзүү же ага катышуу», «Адам уурдоо», «Опузалап талап кылуу» жана «Адам өлтүрүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Жогорудагы беренелер боюнча дагы эки киши 13 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми «Адам уурдоо», «Опузалап талап кылуу» беренелери менен бир жаран 9, дагы бири 8 жылга камалганы айтылат.

Ушул эле берене менен дагы бир айыпталуучу 3,5 жылга кесилген.

Соттон жогорудагы камалгандардын баары Умурзаков айыпталган адам өлтүрүү кылмышына тиешеси бар экенин айтышты.

Мурсалым Умырзаков — «мыйзамдагы ууру», Азиз Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгону айтылып келет. Кыргызстанда жана Орусияда бир нече кылмыштарга айыпталып, камалып чыккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ белгилүү кримтөбөл «Карышкырды» кармады