Шопоков: Мунай базасындагы өрттөн жабыркагандардын бири ооруканада каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Чүй облусунун Шопоков шаарындагы мунай сактаган базада чыккан өрттөн жабыркаган төрт кишинин бири көз жумду. Бул тууралуу «Клоопко» 4-июлда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

20-июндагы кырсыктан 4 киши жабыркап, анын экөө үйүнө жиберилген, дагы экөө ооруканада болчу. Ал эми каза болгон киши жандандыруу бөлүмүндө жаткан. 

Учурда дагы бир бейтап оорукананын күйүк бөлүмүндө дарылануусун улантып жатат, учурда абалы туруктуу.

Тилсиз жоодо жабыркагандардан сырткары мунай куюлган алты цистерна, бензин ташуучу эки унаа жана төрт жеңил унаа күйүп кеткени маалымдалган. Чүй облустук милициясы «Өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушу» беренесинин негизинде иш козгогон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Шопоков: Мунай сактаган жайда чыккан өрттөн төрт адам жабыркаганы кабарланды