Укук коргоочу Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө коюлган чектөө узартылганын сынга алды

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Бишкектин Биринчи май райондук администрациясын жана Биринчи май райондук сотун калаа борборунда митинг жана тынч чогулуштарды өткөрүүгө салынган тыюуну кайрадан узартканы үчүн сынга алды.

Абдирасулова көзөмөл органы буга чара көрүп, райондук администрация менен сот Конституцияны жана өлкөнүн тынч чогулуштарга укугун сактоо боюнча милдеттенмесин бузуп жатканын айтышы керек деп эсептейт.

«Карапайым эл кепилдиктер бар экенин билбеши мүмкүн, бирок чиновниктер менен судьялар негизги мыйзамдын ченемдери менен адам укуктарынын стандарттарын билбей, ал аз келгенсип аны бузуп жатканы — бул жарандарга каршы кылмыш да. Силер бийлик органына эмнеге келдиңер эле? Тыйып, чектегенгеби же милдетиңер адам укуктарын коргоо жана камсыздообу? Конституцияны окусаңар, анда “Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргызстандын жогорку баалуулуктарына кирет, алар бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин мааниси менен мазмунун аныктайт” деп турат. Качанкыга чейин укуктук башаламандык кыласыңар?» — деп жазды ал өзүнүн Фейсбук барагында.

Ал 2005, 2010 жана 2020-жылдары бийликтин алмашуусу ой-пикир айтуу жана тынч чогулуштарга тыюу салуудан башталганын эске салды.
«Элди угуп, алардын көйгөйлөрүн чечкенге жардам бериш керек, желкеден ары кубалабай», — деп кошумчалады ал.

Калаанын Биринчи май райондук администрация тынч чогулуштарды өткөрүүгө кезектеги чектөөсүн 29-июнда узарткан. Ал эми Биринчи май райондук соту бул чечимди колдоп берген.

Убактылуу чектөө 2023-жылдын 1-октябрына чейин узартылган. Чектөөнүн мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга тиешеси жок. Башка митинг жана акциялар Исанов көчөсүндөгү Максим Горький атындагы скверде өтүшү керек.

Бишкектин борборук бөлүгүндө митинг өткөрүүгө тыюу алгачкы ирет 2022-жылдын мартында киргизилген. Чектөөлөр Орусия элчилигинин алдында Украинадагы согушка каршы жана Украинаны колдоо боюнча акциялар өткөндөн кийин киргизилген. Андан бери райондук сот менен администрация чектөөнү улам-улам узартып келет.