Дүйнөлүк банк Кыргызстанга вакцина сактоочу 8 кампа курат

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга вакцина сактоочу 8 кампа курат. Бул тууралуу 5-июлда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти

Маалыматка караганда, бул «COVID-19га каршы ыкчам аракет» деп аталган долбоордун алкагында ишке ашырылып жатат.

Учурда мамэпидемкөзөмөлдөө жана райондор аралык оорулардын профилактика борборлорунда  6 кампанын курулуш иштери жүрүүдө. Алар Токтогул, Ала-Бука, Баткен, Жалал-Абад шаарларында, Араван айлында жана Ак-Талаа районунда жайгашкан.

Ал эми Бишкек жана Кербен шаарларында курулуш иштери башталаары жакын арада башталары белгиленди. 

Автору: Калыбек Мусакеев

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен шаарындагы эки парк 44 млн сомго Дүйнөлүк банктын эсебинен оңдолот 

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергосекторун колдоого 50 млн доллар берет — жарымы кредит

Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ӨКМге 58 жаңы өрт өчүрүүчү унаа алынды