Ош: «Россия нефть» базасында чыккан өрттөн жабыркаган бир кишинин абалы оор

Ош облусунун Кара-Суу районунда «Россия нефть» базасында чыккан өрттөн жабыркаган бир кишинин абалы оор. Бул тууралуу «Клоопко» 5-июлда облус аралык бириккен клиникалык ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын денеси 90%га күйүп калган. 

Ал эми кырсыктан ар түрдүү деңгээлдеги күйүк менен жалпы төрт киши жабыркаган, алардын экөө — үй шартында дарыланууга жөнөтүлгөн. Ал эми бирөө — оорукананын күйүк бөлүмүндө дарыланууда, абалы туруктуу.

Парламенттин депутаты Алишер Козуевдин үй-бүлөсүнө таандык «Россия нефть» базасында 3-июлдун кечинде өрт чыккан

Өрттү өчүрүүгө эки күжүрмөн эсеп тартылып, саат 19:01де толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен бензин сордуруучу насос, оор жүк ташуучу DAF үлгүсүндөгү авто цистернасы күйгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби иликтенип жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кара-Суу: «Россия нефть» базасында өрт чыгып, эки адам жабыркады

Алишер Козуев: Матраимовдун жубайы менен өнөктөштүк ишке ашкан жок, «Мекеним Кыргызстан» админресурс колдонгон эмес