Финансы министрлиги бизнеске 5 млн сомго чейин пайызсыз кредит берүү мүмкүнчүлүгүн карайт

Финансы министрлиги менен банк жетекчилери ишкерлер үчүн пайызсыз кредиттердин суммасын 5 млн сомго чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бул тууралуу 5-июлда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Банктар жүгүртүүсү 30 млн сомго чейинки бизнес үчүн каржылоонун суммасын 5 млн сомго чейин көбөйтүүнү сунушташты. Финансы министринин орун басары Руслан Татиков мекеме өлкөнүн бизнес тармагын өнүктүрүүнү колдоо үчүн бул мүмкүнчүлүктү сөзсүз карап көрөрүн билдирди. Ошондой эле ал коммерциялык банктарды «бизнеске кредиттерди берүүдө шарттарын татаалдаштырбоого» чакырды.

«Ишкерлерди тез арада колдоо боюнча мамлекеттик долбоордун милдети – карыздын жүгүн көбөйтпөстөн, бизнесин өнүктүрүүгө жардам берүү.
Коммерциялык банктардын кызматкерлери пайызсыз эмес, жылдык 20%дан баштап насыяларды сунуштаган учурлар көп кездешет. Бизнес пайызсыз насыя алууда коммерциялык банктардын бюрократиялык процесстеринин курмандыгы болбошу керек. Бул кредиттерди бизнеске берүү шарттарын татаалдаштырбоого чакырам», — деди министрдин орун басары.

Финансы министрлигине өнөктөш банктардын өкүлдөрү долбоорго каражаттын жетишсиздигинен жыл башында үч айдан ашык кечигүүлөр болгонун айтышты. Өз кезегинде Татиков банктарга кредидеттерди эгер берүү үчүн каражаттар Финансы министрлигинин кайтарымдуулук кепилдиги менен толук өздөштүрүлгөн учурда өз каражаттарынын эсебинен бере берүүнү сунуштады.

Коммерциялык банктардын жетекчилери Финансы министрлигинин чиновниктери менен жолугушкан шартта Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өлкөнүн бизнес коомчулугу менен жолугушту.

Аталган жолугушууда Жапаров Кыргызстандын ишкерлердин өлкө экономикасынын өнүгүшүнө салып кошуп жатканын жана жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жапаров ошондой эле «мамлекет бизнесмендерди керектүү учурда ар тараптан колдоп берүүгө даяр экенин» айтты.

«Мамлекет бутуна турду, өлкөнүн экономикасы өнүгүүгө ишенимдүү багыт алды, биз бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүгө жана өлкөнү өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын камсыз кылууга багытталган бизнес долбоорлоруңуздарды колдоого даярбыз», — деди ал.

Автору: Медина Шамшидинова