УКМК: Мадумаровдун тарапташтары бийликти басып алууга аракеттенүүгө шектелип кармалды

Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун тарапташтары «бийликти күч менен басып алууга аракеттенген» деп айыпталууда. Бул тууралуу 6-июлда УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтан кармалгандар «массалык нааразылык акцияларды жана ири толкундоолорду уюштуруп, андан кийин бийликти күч менен басып алуу үчүн» жашыруун даярдыктарды жүргүзгөн деп айыпташты. 

Маалыматка караганда, «Массалык баш аламандыкка чакыруу» беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында саясий партиянын Чүй облусунун Сокулук, Москва райондорунда жана Бишкек шаарында жашаган 10 активдүү мүчөсүнүн үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Атайын кызматтан тинтүү учурунда партиялык материалдардан тышкары партиянын мүчөлөрүнүн каржы булактарын көрсөткөн банктык карталар жана алардын «кылмыштуу ниетин тастыктаган буюмдар» алынды деп билдиришти.

«Табылган материалдарда төмөнкүдөй кайрылуулар болгон: “Ансыз деле төңкөрүш керек”, “Революция болсо бардык иш токтойт”, “2 жылдан бери айтып келе жатам. Бул бийлик сөздү түшүнбөйт, муштумду түшүнөт. Буларды уруп же жок кылып токтотосуздар. Революция баары бир болот”», — деп айтылат пресс-релизде.

Учурда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын эки активдүү жактоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар «мобилдик тиркемелерде, мессенжерлерде жана соцтармактарда тайпаларды түзүп, нааразылык акцияларын уюштурууда партиянын катардагы мүчөлөрүнө деструктивдүү таасир берип турушкан» деп айыпталууда.

Ал эми кармалган башка жарандарга карата тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

6-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров УКМК кызматкерлери бир нече тарапташын суракка алып кеткенин билдирген. Эл өкүлү кармоолорду Бишкектин Ленин районундагы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо менен байланыштырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК кызматкерлери Адахан Мадумаровдун тарапташтарын суракка алып кетти

Эми анык. Депутаттык комиссия Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди

Мадумаров прокуратуранын жоопко тартуу аракетин «саясий иш» деп атады