УКМК кызматкерлери Адахан Мадумаровдун тарапташтарын суракка алып кетти

6-июлда Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Kaktus.media басылмасына УКМК кызматкерлери бир нече тарапташын суракка алып кеткенин билдирди.

Кармалгандардын арасында Майрам Сатарова, Артур Бакиров, Мирлан Ураимов жана Сандагүл Самиева бар.

Мадумаров өзү кармоолорду Бишкектин Ленин районундагы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо менен байланыштырды. Шайлоо 28-майда өтүп, кийинчерээк Борбордук шайлоо комиссиясы анын жыйынтыгын жокко чыгарган.

«[Шайлоо] эчак эле жараксыз деп табылган, айрыкча биздин талапкер жеңүүчү болгон эмес. [Менин тарапташтарымды] өз элин коркутуп, алдоо үчүн кармашты», — деди Мадумаров.

Материал жарыяланар алдында «Клооптун» журналисттери УКМКга байланышууга аракет кылып, андан майнап чыккан жок.

Мадумаровду жоопко тартуу

Парламенттин 31-майдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча баш прокурордон сунуш түшкөнүн билдирген

Депутаттардан түзүлгөн убактылуу комиссия 22-июнда Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ал эми эл өкүлү өзү тагылган айыпты «перспективдүү эмес» деп атаган

Депутаттык комиссия эл өкүлүнө каршы прокуратура сунуштаган төрт берененин бири боюнча гана — «Бийликтен аша чабуу» беренесинин негизинде жоопко тартууга уруксат берип, ал эми калган беренелер боюнча жоопкерчиликке тартууга каршы чыкты.

Ошондой эле Мадумаровдун депутаттык мандаты сакталып, ал эл өкүлүнүн милдеттерин уланта берет.

Адахан Мадумаров — Жогорку Кеңештеги оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери. Эл өкүлү азыркы бийликти адам укуктарын бузуп, Конституцияны сактабай жатат деп бир нече жолу сынга алган. 

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Мадумаровду бир нече жолу трибунадан коркутса, президент Садыр Жапаров Мадумаров «өзүнөн башканы президент көрбөгөн оорусу менен ооруп жүрөт» деп билдирген

ТЕМА БОЮНЧА:

Эми анык. Депутаттык комиссия Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди

Мадумаров прокуратуранын жоопко тартуу аракетин «саясий иш» деп атады

Башкы прокурор Адахан Мадумаровду жоопко тартууга кайрадан макулдук сурады