Бишкек: Ымыркайдын кулап түшүшүнө жол берген врачтарга сөгүш берилди

Бишкектеги №1 төрөт үйүнүн врачтарына сөгүш берилди, себеби аталган ооруканада төрөт маалында ымыркай жерге кулап түшкөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева «Клоопок» билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлердин ишинде «кемчиликтер» табылып, ал күнү иштеген кезметчи врачка, эки акушерге жана башкы дарыгердин дарылоо жана медайымдык иштери боюнча эки орун басарына сөгүш берилди.  

«Баланын абалы жакшы жагына өзгөрүп калды. Өзү дем алып, эмчек эмип жатат, эки жакты караганы жакшы, кыймылы активдүү, рефлекстери жандуу. Бардык кароо жана текшерүүлөр жасалды, мын ары да абалын көзөмөлдөп турабыз», — деди Асылбашева.

Мурдараак соцтүйүндөрдө Бишкек шаарынын тургуну төрөт учурунда ымыркайы жерге кулап түшкөнүн жазган. Анын айтымында, врачтарга толгоосу башталганын алдын ала айткан, бирок эч ким жардамга келбей койгон.


Саламаттык сактоо министрлиги баланын абалын туруктуу оор деп баалап жатат. Айрым маалыматтарга ылайык, баш мээси чайкалып, баш сөөгүнүн желке жагы сынган.