Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна 10 миллион доллар бөлөт

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Талас облусундагы Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна 10 миллион АКШ доллар бөлөт. Бул тууралуу 7-июлда аталган фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымтка ылайык, жаңы ГЭСтин курулушуна буга чейин мамлекеттик бюджеттен 2 миллиарддан ашык сом бөлүнгөн. Учурда электр станциясындагы даярдоо иштеринин көпчүлүгү бүттү.

«Долбоорду биргеликте каржылоо жаны аны мүмкүн болушунча тезирээк бүтүрүүгө жардамдашуу биз үчүн сыймык. Бул “Чакан ГЭСтин” салынышы 1960-жылдан берки алгачкы ири курулуш. Бала-Саруу ГЭСинде өндүрүлгөн алгачкы мегаватт быйыл электр тармагына берилет деген үмүттөбүз», — деди Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков.

Буга чейин Бала-Саруу ГЭСи быйылкы жылдын аягына дейре ишке берилет деп белгиленген.

Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна Садыр Жапаров 2021-жылдын августунда капсула салган. Бирок анда Economist.kg басылмасы ГЭСтин курулушу баштала электигин, ал тургай долбоордун ишке ашыруу мөөнөтү белгисиз экенин жазган.

Жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт, жылына орточо 92 млн кВт/саат энергия иштеп чыгуучу үч генераторлуу жаңы ГЭСти Киров суу сактагычынын төмөнкү бөлүгүнө куруу пландалган.

Ал эми каржылоо булактарынын көлөмү 22,9 миллион долларды түзөөрү айтылып, бул маселе Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүлүп жатканы белгиленген.

Долбоорду Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен «Улуттук холдинг компаниясы», ошондой эле «Чакан ГЭС» ачык акционердик коому ишке ашырат. Курулуп жаткан ГЭСтин жол картасына ылайык, долбоор 2022-жылдын декабрында жыйынтыкталууга тийиш болчу.

Негизги беттеги сүрөт: Киров суу сактагычы / Табылды Кадырбеков.

ТЕМА БОЮНЧА:

Улуттук энергохолдинг: Эми электр энергиясына болгон баа жыл сайын өзгөрүп турат