ТИМ бир кыргызстандык Германияда терроризмге шектелип кармалганын тастыктады

Нидерландда жана Германияда террордук чабуулга даярданган деп шектелип жаткандардын арасында бир кыргызстандык да бар. Маалыматты 10-июлда Тышкы иштер министрлигинен тастыкташты.

Министрликтен немис полициясы жети кишини кармаганын билдирди — алардын бешөө Тажикстандын, бирөө Түркмөнстандын, дагы бири Кыргызстандын жараны. Алар «Ислам мамлекети» террордук уюмун колдогон деп шектелүүдө.

ТИМ азыркы тапта кармалгандардын баш коргоо чарасы боюнча соттун чечимин күтүп жатат.

Ал эми Кыргызстандын Германиядагы элчилиги немис полициясы менен байланышта экенин айтып, бул иш боюнча маалымат алып жатканын билдирди.

Нидерландда жана Германияда террордук чабуулдарга даярданган деп Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары кармалганы тууралуу 6-июлда белгилүү болгон. Алардын арасында кыргыз жараны да бар экени айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Германия жана Нидерландда «Ислам мамлекетинин» алкагында теракт даярдоого шектелип кыргызстандык жарандар кармалды

УКМК: Ошто чек араны мыйзамсыз кесип өткөн эл аралык террордук уюмга тиешеси бар жарандар кармалды