Германия жана Нидерландда «Ислам мамлекетинин» алкагында теракт даярдоого шектелип кыргызстандык жарандар кармалды

6-июлда Нидерландда жана Германияда террордук чабуулдарды даярдаган деген шектөө менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары кармалды. Алардын арасында алты тажикстандык, бир түркмөнстандык жана эки кыргызстандыктар бар. Бул тууралуу эки өлкөнүн Башкы прокуратураларынын басма сөз кызматтары билдиришти. 

Германиянын прокуратурасынын маалыматы боюнча, шектүүлөрдү

Түндүк Рейн-Вестфалия федералдык жердин ар кайсы жактарында кармашкан. Аларды кармоого ордерди Федералдык соттун тергөөчү судьясы чыгарган. Кармалган кыргызстандыктын аты-жөнү «Аброржон К» деп берилген. 

Тергөөнүн маалыматы боюнча, террордукта шектелип жаткан жарандар бири-бирин көптөн бери таанып, радикалдык Ислам идеологиясын карманып келишет. Алар 2022-жылдын жазында Украинага кол салуу башталгандан көп өтпөй, ал жерден Германияга көчүп келишкен. 

«Алар 2022-жылдын июнь айынын аягында “Ислам мамлекети» сыяктуу чуулгандуу терракттарды ишке ашыруу максатында Германияда террористтик уюм түзүшкөн», — деп айтылат билдирүүдө. 

Герман прокуратуранын айтымында, бул топ «Ислам мамлекети, Корасан аймагы» уюмунун чет өлкөлөрдө жайгашкан аймактык бөлүмүнүн мүчөлөрү менен байланышта болгон. Өз планын ишке ашыруу үчүн шектүүлөр Германиядагы буталарды карап, мүмкүн болгон кылмыш жерлерин издеп, курал-жарактарды алууга аракет кылышкан.

Мекеменин маалыматы боюнча, кыргызстандыктан башкалары 2022-жылдын апрелинен бери акча чогултуп, «Ислам мамлекетине» которуп турушкан. 

«Шектүүлөрдү бүгүн-эртең Федералдык соттун тергөөчү судьясынын алдына алып келишет. Ал аларга камоо ордерин окуп берип, сотко чейинки бөгөт коюу чарасын тандайт», — деп билдиришти прокуратурадан.  

Кармалган кыргызстандыктар тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилиги азырынча «Клоопко» маалымат бере элек.

Шектүүлөр Германиянын Кылмыш-жаза кодексинин «Террористтик уюмду түзүү жана ага катышуу» жана «“Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна колдоо көрсөтүү» беренелери боюнча кылмыштарда шектелүүдө. 

Ал эми ушундай террактка даярдык көрүүдө шектелип, 31 жаштагы кыргызстандык аял Нидерланддын Бреда шаарында кармалганы айтылууда. Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, аялдын күйөөсү — 29 жашар тажикстандык жаран — Эйндховен шаарында колго түшкөн. 

«Полициялык иликтөөсү эркек киши “Ислам мамлекетинин“ мүчөсү болуп, террористтик чабуулду уюштуруу буйругун алган деген шектенүүгө алып келген. Алардын пландары али конкреттүү эмес болсо да, алар Нидерланддын Прокуратурасы кийлигише ала тургандай олуттуу болгон», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Эки шектүү 7-июлда Роттердамдагы Тергөө судьясына алып келинет. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аларга адвокаттары менен гана байланышууга уруксат берилген.

Буга чейин УКМК Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектебинен тыюу салынган «Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмунун желеги табылганы тууралуу маалымат берген.

«Ислам мамлекети» — эл аралык террористтик уюм. Бир нече өлкөлөр жана эл аралык уюмдар аны «террордук уюм» катары таанышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Кызыл-Кыядагы мектептен «Ислам мамлекети» террордук уюмунун желеги табылды

УКМК: Ошто чек араны мыйзамсыз кесип өткөн эл аралык террордук уюмга тиешеси бар жарандар кармалды

Күч органдары көңүл ачуу борборлорун, базар жана мечиттерди «терроризмге каршы» акы төлөөгө мажбурлашат