Ош: Балдардын кургак учукка каршы ооруканасынын кызматкерлерине төрт кылмыш иши козголду

Сүрөт: Даткабек Шабданбек уулу / Azattyk

Жыл башынан бери Ош облустар аралык балдардын кургак учукка каршы ооруканасынын жооптуу кызматкерлерине төрт кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы 11-июлда жазды.

Маалыматка ылайык, быйыл март айында Ош шаардык прокуратурасы аталган мекемени текшерип, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде иш козгогон. Кийин май айында кайрадан текшерүү жүргүзүлүп, «Кызматтык жасалмачылык» беренеси боюнча дагы эки иш ачылган.

Кызматкерлер мамлекетке жалпы 5 млн сомдук зыян келтирген деп шектелип жатат. Учурда прокуратура териштирүү иштерин улантууда.

Ал эми 7-июнда УКМК оорукананын кызматкерлерине карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде иш козгоп, мамлекетке 2,8 млн сом зыян келтирилгенин аныктаган.

2-майда «Т-Медиа» басылмасы Оштогу балдардын кургак учукка каршы ооруканасындагы тендерлер боюнча иликтөө жарыялаган.

Оорукана өткөн жылы декабрда эмерек жана ашканага керектелүүчү идиштерди сатып алууга 152 миң 900 сомго тендер өткөргөн. Анда ресторан жабдуулары, бир даана видоискатель, балдахин, ашкана жабдуулары, диван, аэрохоккей үчүн стол, жүн килем жана башка буюмдарды сатып алышкан.

Андан тышкары тазалык каражаттарын сатып алуу үчүн да бир нече тендер өткөрүлүп, бир миллион сомго жакын каражат коротулганы белгилүү болгон.