ИИМ: Бишкекте 7 кг жакын «мефедрон» менен баңгитоптун мүчөлөрү кармалды  

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы УКМК менен биргеликте Кыргызстандын аймагына ири өлчөмдөгү психотроптук заттардын ташылып келүүсүнө жана сатылышына бөгөт коюу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү өткөрдү. Бул тууралуу 13-июлда  ИИдин басма сөз кызматы билдирди

Ведомстводон май айында 2003-жылы туулган М.Ж. жана 2002-жылкы А.У. эл аралык баңгитоптун мүчөлөрү кармалганын айтып беришти. Алар Бишкектеги батирлердин биринде болжолдуу салмагы 5 кг 943 грамм «мефедрон» психотроптук затынын үч даана курулушта колдонулуучу вибрациялык моторго катылган 24 таңгагын алышкан. 

ИИМдин маалыматына караганда укук коргоо орган кызматкерлери «мефедрондун» 41 миңден ашык дозасын жок кылышты. Ведомстводон эгер кармалгандар аталган заттарды сатканда 38 млн сомдон ашык пайда көрүшмөктүгүн айтышты.  

ИИМден кармалгандар мобилдик мессенжер аркылуу чет өлкөдөгү кураторлорунан тапшырма алып турганын да кошумчалашты.  

Аталган факт боюнча ИИМ «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. 

Учурда милиция кошумча иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды издеп жатат.

Эл аралык баңгитоптун мүчөлөрү буга чейин да кармалган. Алсак, ИИМ 6-июлда 2001-жылкы жигит кармалып, андан 6 кг «мефедрон» табылганын билдирген.