ИИМ: 6 килограмм синтетикалык баңги зат «мефедрон» менен 22 жаштагы жаран кармалды

Сүрөт: ИИМ

Эл аралык баңги синдикатынын мүчөсү 2001-жылы туулган жаран болжол менен 6 килограмм баңги зат «мефедрон» менен кармалды. Бул тууралуу 6-июлда ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы маалымат берди.

Аталган кызмат УКМК менен биргеликте атайын психотроптук зат «мефедронду» жүгүртүү каналын жабуу боюнча операция жүргүзүшкөн. 

Кармалган жаранда Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жасалма документи табылган.

Кызматтын маалыматы боюнча, колго түшкөн баңги заттан 40 000ден ашуун доза чыгып, анын жалпы баасы 33 миллион сомдон ашмак.  

Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Кылмышка тиешеси бар башка жарандарды издөө иштери жүрүп жатат. 

Буга чейин, Бишкекте аталган кызмат баңгизат саткан интернет-дүкөндүн 27 жаштагы ээсин кармаган. Шектүүнүн чөнтөгүнөн жалпы салмагы 7,5 грамм беш таңгак гашиш, ал эми үйүнөн 105 грамм марихуана табылган. Телефонунда интернет-дүкөндүн аккаунту бар экени аныкталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Милиция кызматкерлери баңгизат саткан интернет-дүкөндүн ээсин кармашты

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүрткөн «Принцесса Дури» кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

Бишкек: Милиция кызматкери РИИБнын сактоочу жайынан 33,8 кг баңгизат уурдаган