Жалал-Абадда 5,5 млн сомго адамдын жүзүн аныктоочу видеокамералар орнотулат

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун аймагында 5,5 млн сомго коопсуздук багытындагы жана адамдын жүзүн тааныган видеокамералар орнотулат. Бул тууралуу «Клоопко» 13-июлда Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, адамдын жүзүн аныктоочу 22 даана камера шаарда эл жыш топтолгон жерлерге коюлат. Бул иш-чара облустук милициянын сунушу менен шаардык бийлик тарабынан аткарылууда.

Жалал-Абад ОИИБдин маалыматтык технологиялар бөлүм башчысы Нурбек Алимбаев облус аймагына жалпысынан 4 түрдүү камера орнотуларын белгиледи.

«Башкысы адамдын жүзүн аныктоочу камералар болот. Дайынсыз жоголуп кеткен жарандын сүрөтү базага киргизилип, камерага туташтыруу аркылуу да таба алабыз. Изин жашырып жүргөндөрдү табууга болот. Бул камералар жакшы натыйжа берет. Экинчиси — башкаруу функциялары бар камералар. Үчүнчүсү транспорт каражаттарын идентификациялайт. Маселен, кээде унааларды урдап качкан уурулар болот. Уурдалган унаалар кайда баратканы камерага түшсө, дароо сигнал келет. Төртүнчүсү стационардык камера болот», — деди Алимбаев.

Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында адамды жүзүнөн тааный турган камералар 2019-жылы коюла баштаган. 

ИИМдин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө республикада 2141ден ашык камера иштейт. Криминогендик кырдаалга ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборунун кызматкерлери тарабынан күнү-түнү үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп турат.

Былтыр сентябрдан тарта мекеме сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо тутумун тесттик режимде ишке киргизген. ИИМден сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен республиканын аймагында 163 адам табылганын, анын ичинен: издөөдө жүргөн 137 адам жана дайынсыз жоголгон 27 адам аныкталганын билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Биринчи май районунда адамдын жүзүн аныктоочу функциясы бар жүздөн ашык камера орнотулат