Жалал-Абадда 72 млн сомго балдар ойноочу комплекс курулууда

Жалал-Абад шаарындагы Түмөнбай Байзаков эс алуу багында 72 млн сомго балдар ойноочу муниципалдык заманбап комплекстин курулушу башталды. Бул тууралуу 13-июлда шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун курулушунун сметалык баасы 75 млн сомду түзүп, тендерди «АСТАС строй» ЖЧКсы утуп алган. Компания Ош шаарында турак жай жана башка имараттарды куруу менен алектенет.

Мэриядан комплексттин курулушу 2023-жылдын октябрь айында бүткөрүү пландалып жатканын айтышты. 

Курулуш мамлекеттик казынадан Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сом акча каражатынын эсебинен каржыланууда.

Буга чейин, 3-июлда, Жалал Абад шаарында 64 млн 500 миң сомго IT борборунун курулушу башталган. Үч кабаттан турган имараттын курулушу ушул жылдын ноябрь айында бүткөрүлөт. Борбор Кыргызстандагы алгачкы мамлекеттик инновациялык технологиялар борбору болмокчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Акылбек Жапаров менен Ташиев Жалал-Абадда УКМКга караштуу балдар лагерин ачышты

Жалал-Абадда 64,5 млн сомго IT борбору курулат

Жалал-Абаддагы Токтогул Сатылганов эс алуу багы 23 млн сомго оңдолот