Жалал-Абадда 64,5 млн сомго IT борбору курулат

Курулуштун эскизи. Сүрөт: Жалал-Абад мэриясы

Жалал Абад шаарында IT борбору курулуп баштады, ага 64 млн 500 миң сом сарпталат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, каражат республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен алынат.

Курулуш шаардагы Жусуп Бакиев көчөсүндө жайгашып, 3 кабаттан турат. Аны «Иверия» ЖЧКсы куруп жатат. Борбордун курулушу ушул жылдын ноябрь айында бүткөрүлөт. 

Мэриядан аталган борбор Кыргызстандагы алгачкы мамлекеттик инновациялык технологиялар борбору болорун кошумчалашты. 

Автору: Калыбек Мусакеев 

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абаддагы Токтогул Сатылганов эс алуу багы 23 млн сомго оңдолот

«Жони» паркы. Сузакта Камчыбек Ташиевдин агасынын элесине арналган эс алуу багы ачылды