Акылбек Жапаров менен Ташиев Жалал-Абадда УКМКга караштуу балдар лагерин ачышты

Минкабдын жетекчиси Акылбек Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда УКМКга караштуу «Ак илбирс» балдардын ден соолугун чыңдоочу жана эс алуу борборун ачышты. Бул тууралуу 13-июлда минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Комплекс болгону эки айдын ичинде курулганы белгиленди. Борбордун 120 кишилик жатаканасы, китепканасы, 100 орундук кинотеатры, машыгуу залы, кичи футбол аянтчасы, спорт аянтчалары, эки бассейни жана ашанасы бар.

«Ар бир облуста балдар үчүн жайкысын эс алуучу жайларды уюштуруу керек. Балдар лагерлери балдарды тартипке, саламат жүрүүнүн адаттарына үйрөтөт, ошондой эле мектеп каникулу учурунда режимди оңдоого жардам берет», — деди Жапаров андан кийин «Кыргызнефтегазга» караштуу «Зорька» балдар лагерин көрүп барганда.

Бул улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн курулган биринчи имарат эмес.

29-июнда президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө УКМКга караштуу «Айкөл» балдардын ден соолугун чыңдоочу борбордун ачылышына катышкан. Борбор 240 балага ылайыкталган.

Былтыр сентябрдын башында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкө боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 50гө жакын жаңы имараты курулганын айткан. Бирок андан бери бийлик УКМК менен Чек ара кызматына башка дагы бир катар объектилерди ачкан.