Жалал-Абадда төрт айылдын тургундары Чаткал акиминин кызматтан кетүүсүн талап кылышты 

Жалал-Абад облусунун төрт айылынын тургундары Каныш-Кыя айылындагы акимчиликтин имаратынын алдына Чаткал районунун акими Алтынбек Сенирбаевдин отставкасын талап кылып чыгышты. Бул тууралуу 14-июлда «Азаттык» басылмасы жазды

24.kg басылмасына маек курган жергиликтүү тургундар район акими элдин нааразы болгонуна карабастан «Атыш-Чапкан» компаниясына алтын казууга уруксат берди деп айтып беришти

Кара-Булак, Айгыр-Жал, Бел-Капчыгай жана Каныш-Кыя айылдарынын тургундары чалгындоо жана кенди казуу иштери айылдагы жер-сууга зыян алып келиши мүмкүн деп тынчсызданууда.  

Аким Сенирбаевдин айтымында, «Аташ-Чапкан» компаниясы Түлөберди ойдуңунан 10 гектар жерден алтын казууга лицензия алган. Бирок элдин сугат суу маселесине байланыштуу нааразычылыгынан улам, чалгындоо иштери убактылуу токтотулган. 

Бул Чаткалдагы алтын казууга байланышкан жалгыз эле чыр эмес. Буга чейин жергиликтүү тургундар Терексай кендер тобун иштетип жаткан «Эти Бакыр» компаниясынын ишмердүүлүгүнө бир нече жолу каршы чыгышкан.   

Автору: Медина Шамшидинова.