Блогер Улукбек Карыбек уулу милиция аны «буюртманын» негизинде кармаганын айтты

«Бейбаштык» беренеси менен 48 саатка камалган блогер Улукбек Карыбек уулу милиция аны «буюртманын» негизинде кармады деп эсептейт. Мындай пикирди ал 15-июлда Ош облустук милициясынан жасаган видеокайрылууда билдирди.

Блогердин айтымында, аны камакка алууга Ош облусундагы төрөт үйүндөгү «коррупция» тууралуу жарыялаган видеосу негиз болду. Ал буга саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова менен Билим берүү министрлигинин «тиешеси бар» деген күмөн ойдо.

«Биз эч кандай мыйзам бузган жокпуз. Ал жердеги карапайым элдин ооруканадагы укугун, биз менен жолугуу укугун коргогонго аракет кылдык. Бирок тилекке каршы ушундай жагдай түзүлүп жатат», — деди ал.

Карыбек уулу аны милиция кызматкерлери эскертүүсүз, оор кылмышкер сыяктуу кармат кетишкенин белгиледи.

Ошондой эле ал төрөткананы видеого тартып жатканда «кызматкерлер жетекчиси баш болуп аларга кол салганы» тууралуу милицияга арыз бергенин, бирок анысы каралбай жатканын кошумчалады.

«Биздин, бейтаптардын арызы каралбай эле, дарыгерлердин арызы каралып жатат. Бул сөз эркиндигине, журналисттин эркин маалымат алуусуна карата сокку», — деди блогер.

Бүгүн, 16-июлда Ош шаардык сотунда Карыбек уулунун бөгөт чарасы каралып жатат. Сот залында блогердин жакындары жана тарапташтары аны бошотууну талап кылышууда.

Видео эмне жөнүндө?

12-июлда Улукбек Карыбек уулу өзүнүн ютуб-каналына «Ош облустук оңолбос төрөт үйү» деген видео жарыялаган. Анда төрөтканадагы шарттар жана дарыгерлердин кош бойлуу аялдардан акча талап кылганы тууралуу айтылат.

Видеодон төрөткананын кызматкерлери «бейтаптардын коопсуздугу үчүн мекемеге кирүүгө болбойт» деп каршы чыгып, камерага кол салганын көрүүгө болот.

Блогер төрткананын имаратына киргенге чейин сырттагы бир нече бейтап менен маек курган. Алардын көпчүлүгү төрөт үйүндө «коррупция күч экенин» айтып беришкен.

Блогердин камалышы

Блогер Улукбек Карыбек уулуна «Бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, 48 саатка камакка алынганы тууралу 15-июлда белгилүү болгон. Милициядан Карыбек уулу эки шериги менен облустук оорукананын төрөт бөлүмүнө «санитардык норманы сактабай бастырып кирүү менен дарыгерлерге зыян бергенин» айтышкан.

Төрөтканага дээрлик 37 миң сомдой зыян келтирилгени жана дарыгерлер кандай жаракат алганын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалганы белгиленген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Блогер Улукбек Карыбек уулуна «Бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, 48 саатка камалды