Ала-Бука: Кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерден майнинг жабдуусу табылды

Сүрөт: УКМКнын Чек ара кызматы

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерден криптовалюта майнинги үчүн жабдуулар табылды. Бул тууралуу 17-июлда УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-июлда чек арачылар кызмат учурунда Жаңы-Шаар калктуу конушунун четиндеги суу чарба насостук станциясынын аймагында белгисиз жабдуу таап алышкан. 

УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери ал криптовалютаны казууга керектүү жабдуу экенин аныкташкан. 

Тиешелүү документтер толтурулган соң жабдуулар алынып, андан ары териштирүү үчүн УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Кыргызстанда криптовалюта өндүрүү

Кыргызстанда криптовалютаны өндүрүүнү жөндөгөн же ага тыюу салган мыйзамдар жок. Жазык мыйзамында дагы криптовалюталарга байланыштуу операциялар же аларды *майнинг кылуу кылмыш деп жазылган эмес. Ал тургай, Кыргызстандын мыйзамдарында «майнинг» же «криптовалюта» деген сөздөр да жок.

Майнинг — бул атайын жабдуулар аркылуу криптовалюталарды, мисалы биткоиндерди өндүрүү. Майнинг кылган мекемелер майнинг-ферма деп аталып, адатта компьютерлердин көптөгөн ар кандай тетиктеринен турат, ал эми процедуранын өзү көп электр энергиясын талап кылат.

Кыргызстанда майнинге тыюу салынган эмес, бирок ал мыйзамдаштырылган дагы эмес — ал тууралуу бир дагы мамлекеттик мыйзамда айтылбайт.

Соңку жылдары өлкөдө электр энергиясы тартыш болуп жатат. Мындан улам Улуттук энергохолдинг 2019-жылдын 4-апрелинде №56-б буйругу менен майнинг фермаларга электр энергиясын жалпы тармактан алууга тыюу салган. Майнерлер электр энергиясын жеке чакан ГЭСтерден гана сатып ала алат.

Жалпы тармак — бул борборлоштурулган башкаруудагы мамлекеттик энергетикалык компаниялардын электр тармактары. УКМК аталган буйрукка таянуу менен акыркы жылдары мамлекеттик электр тармактарына мыйзамсыз туташып алган майнерлердин жабдууларын алып, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу иштерин активдүү жүргүзүп келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаровдун өкмөтү электрди Бакиевдер менен байланышы бар фирмага арзыбаган акчага бергени турат

«Бакиевдердин майнинги». Министрлик «Клооптун» иликтөөсүндөгү маалыматтарды тастыктады