Мурдагы заманды унутушсун — мамкатчы депутаттардын Байсаловду отставкага кетирүү сунушу жөнүндө

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов «Кабар» агенттигине курган маегинде парламент депутаттарынын минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго карата дооматтарына комментарий берди. Буга чейин эл өкүлдөрү президентке Байсаловду ээлеген кызматынан бошотууну сунушташкан, себеби чиновниктин сөздөрү Жогорку Кеңештин аброюна шек келтиргенин айтышкан.

Касмамбетов депутаттар премьер-министрден баштап айыл өкмөт башчыларына чейин дайындап жүрүшкөн «мурдагы заманды унутуш керек» деп белгиледи. Анын айтымында, учурда айрым депутаттар «кадр коюп берүү же жеке иштерин чечип берүүсүн талап кылып» министрлердин көп убактысын алышат.

«2010-жылдан 2020-жылга чейин парламенттик башкаруу болду. Өкмөттүн курамын өздөрү тандашчу. Премьер-министрден баштап, баардык министрлерди депутаттар кызматка коюп келишти. Облус, район, айыл өкмөттөргө чейин депутаттар койгон учурлар болду. Ошентип он жыл парламент депутаттары өлкөгө кожоюндук кылып келишти. 2020-жылы башкаруу сиситемасы түп тамырынан бери алмашып, өлкөгө президенттик башкаруу орноду. Депутаттар мыйзам чыгарып, алардын аткарылышын гана көзөмөлдөгөн органга айланды. Бирок депутаттар мурдакы көнүп калган адаттарынан кете албай жатышат. Чарба иштерине чейин аралашып кеткен учурларды көрүп жатабыз. Бул жерден "Өкмөттүн чарбалык иштерине аралашпагыла", — деп Эдил Байсалов туура айтты. Анткени чарбалык иштерди өкмөт аткарыш керек. Жылына бир жолу келип Жогорку Кеңешке отчет берип турушат», — деди мамкатчы.

Ал Байсалов боюнча чечимди бир гана президент кабыл аларын кошумчалады.

«Кетирсе да өзү билет, кетирбесе да өзү билет. Азыр башкаруу системасы башка. Мурдакыдай парламенттик башкаруу болгондо Эдил Байсалов дароо отставкага кетмек. Азыр президенттик башкаруу», — деп жыйынтыктады сөзүн Касмамбетов.

Парламенттин 22-июндагы жыйынында депутаттар президентке минкабдын башчысынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу тууралуу сунуш келтирилген токтомду кабыл алышкан. «Ишеним» фракциясынын лидери Улукбек Ормонов «Байсаловдун билдирүүсү Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирген» деп түшүндүргөн.

Байсалов өзү азырынча парламенттин чечимине комментарий бере элек.

Президентке Байсаловду кызматтан алууну депутаттар минкабдын өкүлү депутаттардын дарегине кезектеги жолу жагымсыз сөздөрдү айтып, 20-июнда парламент комитетинин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев менен кайым айтыша кеткенден кийин сунушташкан.