Нурланбек Шакиевдин бир тууганы Жыргалбек Шакиев Ленин районунун акими болду

Жыргалбек Шакиев

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жарлыгы менен Жыргалбек Шакиев Бишкектеги Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу 18-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, буга чейинки аким Мураталы Тагаев өз каалоосу менен жумуштан кеткен.

Жыргалбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин бир тууган иниси. Буга чейин ал Чүй районунун акими болуп иштеп жаткан жана Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда дагы аким болуп эмгектенген.

Жыргалбек Шакиев Аксы районунун акими болгонго чейин кен тармагында иштеген «Бийкомпакт» компаниясында эмгектенип жүргөн жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев негиздеген «Мекенчил» партиясынын талапкерлер тизмесинде болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Мекенчил» партиясынын мүчөсү Аксы районунун акими болуп дайындалды

Садыр Жапаров бийликке келгенден тарта кызмат алган «мекенчилдер»