«Мекенчил» партиясынын мүчөсү Аксы районунун акими болуп дайындалды

Өкмөттүн басма сөз кызматы «Мекенчил» партиясынын мүчөсү Жыргалбек Шакиев Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими болуп дайындалганын кабарлады. Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин м.а. Артём Новиков кол койгон.

Шакиевге чейин Аксы районунун акими Эсеналы Ормоналиев болчу. Ал Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында өткөн бир катар митингдерден кийин өз ыктыяры менен кызматынан кеткен. Ормоналиевден тышкары митингдерден улам Аксы РИИБнин башчысы Шекербек Тангиров дагы кызматынан айрылган.

Шакиев кызматка дайындалганга чейин тоо кен тармагында иштеген «Бийкомпакт» компаниясында эмгектенип жүргөн жана «Мекенчил» партиясынын талапкерлер тизмесинде болгон. Бул партияны президенттикке талапкер Садыр Жапаров үзөңгүлөш досу Камчыбек Ташиев экөө негиздеген. Ал эми Камчыбек Ташиевди Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда УКМКнын башчылыгына дайындаган.

Жапаровдун Ташиевден тышкары жогорку кызматты ээлеген башка дагы үзөңгүлөштөрү бар. Жапаров шайлоого катышуу үчүн президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшыргандан кийин бул кызматка Талант Мамытов келген — президенттикке талапкердин дагы бир үзөңгүлөшү.

Мындан тышкары, Жапаров президенттин м.а. турганда бир катар кадр алмашууларды жасаган. Анын ичинде, Ысык-Көлдөн башка бардык облустардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн алмаштырган. Ал эми Жапаровду колдоп чыккан Ысык-Көлдүн ошол кездеги башчысы Балбак Түлөбаев ордунда калган.

Жапаров дайындаган өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ичинен экөө анын «Мекенчилдеги» партиялаштары. Жалал-Абад облусунун башчылыгына мурда финансы полициясында иштеген Абсаттар Сыргабаев дайындалган. Нарын облусунда талапкерлердин тизмесинде жумушсуз деп көрсөтүлгөн Сабыркул Ашимбаев дайындалган.