Ошто текшерүүдөн кийин 19 жеке менчик медициналык борбор жабылды

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Ош шаарында жеке менчик медициналык борборлорго текшерүү жүргүзүлүп, 19у жабылды, 8инин иши укук коргоо органдарына текшерүүгө өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча координациялык кеңешмесинин протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында Ош ШИИБдин жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөргөн.

Жолугушуунун алкагында жеке косметологиялык салондор, тиш дарылоочу кабинеттер, медициналык борборлор, хижама бөлүмдөрү жана башка объекттер тарабынан калкка кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды тез арада жоюу маселелери каралган. 

Бул иш-чаралар ВИЧ, гепатит сыяктуу кан аркылуу жугуучу инфекцияларды алдын алууга багытталганы баса белгиленди. Жолугушуунун жыйынтыгында, тиешелүү органдарга аталган багыттагы ишти күчөтүү тапшырмасы берилген. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте Германиянын колдоосу менен заманбап перинаталдык борбор курулуп жатат