Бишкекте Германиянын колдоосу менен заманбап перинаталдык борбор курулуп жатат

Бишкекте Германия өнүктүрүү банкынын гранттык колдоосу менен дүйнөлүк стандартка ылайык заманбап перинаталдык борбор курулуп жатат. Бул тууралуу 11-июлда Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

«Бул медициналык мекемеде кош бойлуу мезгилде патологияга чалдыккан аялдарга жана патологиясы бар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүлөт. Ооруканада 100дөн ашуун бейтапка орун каралган» — деп айтылат маалыматта.

Борбор ушул жылдын аягына чейин ишке берилиши пландалган.

Буга чейин Экономика министрлиги Германия өкмөтү Кыргызстанга медициналык тейлөөнүн шарттарын жана сапатын жакшыртуу максатында 4,5 млн грант бөлө турганын кабарлаган.

Аталган каражатка Бишкек, Ош жана Талас шаарларындагы Перинаталдык борборлорду куруу жана жабдуу, ошондой эле Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасын жабдуулар менен камсыздоо пландаштырылганы айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ташиевдин кичи мекенинде белгисиз демөөрчүлөрдүн каражатына төрөт үйү салынат

Ысык-Көл: Төрөтканада 6 ымыркай чарчап калган окуядан улам оорукананын жетекчиси кызматтан алынды

Ысык-Көл: Чарчап калган наристелердин апалары инфекция төрөт үйүнөн жуккан деп эсептейт