Видео: Төрт айда Ысык-Көлдүн түбүнөн 10 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Төрт айдан бери Ысык-Көлдүн түбүн тазалоо иштери жүрүп жатат. ӨКМдин суучулдары бул убакыт аралыгында көлдөн 10 тоннадан ашык таштанды чыгарышты. 

Министрликтин 18-июлда жарыяланган видеосунда көлдүн 215 миңге жакын аянты тазаланып бүткөнү айтылат. Ал жерден таштандыдан тышкары 97 миң метрден ашык балык уулоочу тор да чыгарылган.

Маалыматка ылайык, көлдөгү «Ак-Бермет», «Рахат», «Алтын-Көл», «Элинг», «Евразия» эс алуу жайлары жана «Мөлтүр» кеме токтоочу жайынын аймагы тазаланып бүттү. 

ӨКМ президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен көлдүн түбүн март айында тазалап баштаган. Азыркы тапта Чолпон-Ата жана Кара-Ой аймагында тазалоо иштери жүрүп жатат.

Жакында эле Ысык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрүштүк максатта балык уулоого убактылуу тыюу салынган. Анда ышкыбоздук жана спорттук балык уулоого, балык өндүрүү боюнча жылдык пландалган иштерди жүргүзүүгө, илимий-изилдөөлөрдү жана балыктардын абалына мониторинг жүргүзүүгө уруксат берилери айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Видео: Суучулдар Ысык-Көлдүн түбүн тазалап жатышат, 47 күндө 3,7 тонна таштанды чыгарылды

Бир видео менен: Садыр Жапаров суучулдар менен Ысык-Көлдү тазалады