Ысык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрүштүк максатта балык уулоого 3 жылга тыюу салынды

Иллюстративдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров «Ысык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрүштүк максатта балык уулоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 11-июлда президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, аталган эки көлдү байырлаган балыктын бардык түрүн өндүрүштүк максатта кармоого, сатууга, сактоого, сатып алууга жана сыртка ташууга үч жылга тыю салынды.

Ал эми ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштурууга, балык өндүрүү боюнча жылдык пландалган иштерди жүргүзүүгө, илимий-изилдөөлөрдү жана балыктардын абалына мониторинг жүргүзүүгө уруксат берилет.

Буга чейин өлкө башчысы Ысык-Көлдүн жээгине тосмо орнотууга тыю салын жардыкка кол койгон. Анда мындай чечим жергиликтүү тургундардын экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын коргоо максатында кабыл алынганы айтылган.

Үстүбүздөгү жылдын мартынан тарта Ысык-Көлдө таштандыларды тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Суучулдар 4 айда көлдүн түбүнөн 96 миң метрге жакын тор, 6 тоннага жакын таштанды чыгарышкан.

«Бул эмне деген акмакчылык?! Көлдүн түбүнүн баары тор болуп кеткен. Келиңиздер, адам баласыбыз го акыры, балыктарга дагы 3 жыл, 5 жыл тынч жашоо бербейлиби. Мораторий кирген, балык жебей койсоңор эч нерсе болбойт», — деген Садыр Жапаров.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаров Ысык-Көлдүн жээгине тосмолорду курууга тыюу салган жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Ысык-Көлдү булгабай таза кармоого чакырды