ЖОЖду аяктагандардын контракт боюнча аскер кызматын өтөө мөөнөтү 10 жылга узартылды

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстандын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.  

Мыйзам менен жогорку аскердик окуу жайларды аяктаган адамдардын контракт боюнча аскер кызматын өтөөнүн мөөнөтү 5 жылдан 10 жылга чейин узартылууда. Мурдараак коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов 2022-жылы аскер кызматкерлеринин маянасы көтөрүлгөндөн кийин «кадрлардын иштен кетүүсү азайганын» белгилеген болчу.

Мындан тышкары, коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчыларын белгиленген аскер кызматынын мөөнөтүнөн ашык, бирок эки айдан ашпаган убакытка чейин аскер кызматында калтырууга укук берилүүдө. Учурда мөөнөттүү аскер кызматынын аскерлери армияда бир жыл кызмат өтөшөт.

Кыргызстан аскердик техникаларды жана курал-жарактарды сатып алуу менен куралдуу күчтөрдү өнүктүрүүгө жана күчтөндүрүүгө чоң каражат жумшоодо. Бийлик 2021 жана 2022-жылдары Тажикстан менен чектешкен аймактарда эки ирет ири куралдуу жаңжал чыккандан куралдуу күчтөргө өзгөчө көңүл бура баштаган.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.