Түштүк Африканын президенти Эл аралык жазык сотунан Путинди камакка албоого уруксат сурады

Түштүк Африка Республикасынын президенти Сирил Рамафоса Эл аралык жазык соту менен Орусиянын президенти Владимир Путинди камакка алуунун айланасында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу ал өзүнүн сотко кат түрүндө берген көрсөтмөсүндө билдирди.

Түштүк Африка Республикасында август айында БРИКСтин саммити өтөт, ага Путиндин катышуусу күтүлүүдө. Бирок Рамафоса республика Рим статутун ратификациялаган өлкөлөрдүн катарына киргендиктен орус президентинин келишине каршы чыгууда, себеби өлкө эгер Путин келе турган болсо аны Эл аралык жазык сотунун ордери менен кармап, Гаага өткөрүп бериши керек болот.

Путинди Түштүк Африка Республикасынын башкы оппозициячыл «Демократиялык альянс» партиясы дагы кармоону талап кылууда. Ал сотко кайрылып, өкмөттү Путинди кармоого берилген ордерди аткарууга милдеттендирүүнү талап кылган. Бирок өлкөнүн президенти өз көрсөтмөлөрүндө бул Түштүк Африканы коркунучка кептеп коёрун белгилеген.

«Орусия анын учурдагы президентин кармоо согуш жарыялоого тете болорун так түшүндүрдү. [...] Орусия менен согушуп кетүү тобокели биздин Конституцияга туура келбей калат», — деп белгиледи ал.

Рамафоса Эл аралык жазык соту менен консультацияларды өткөрүүнү демилгелегенин да билдирди.

Эл аралык жазык соту марттын аягында Путинди камакка алууга ордер чыгарган. Айыптоочу тараптын версиясына ылайык, Путин «бери эле дегенде 2022-жылдын 24-февралынан бери» балдардын Украинадан Орусияга депортацияланганы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

Эл аралык жазык сотунун мурдагы судьясы Говард Моррисондун айтымында, статутту ратификациялаган өлкө Путинди камакка алууга милдеттүү, бирок анын өкмөтү андай кадамга барабы-жокпу өлкө бийлиги макулдашуунун талаптарын аткарууга канчалык даяр жана аларды Орусиянын реакциясы канчалык тынчсыздандыра турганынан көз каранды.

Эл аралык жазык сотунун комптенциясына геноцид, аскердик, адамзатына каршы, анын ичинде агрессия кылмыштары үчүн жооптуу адамдарды жазага тартуу кирет.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага толук масштабда кол салуу баштап, бүгүнкү күнгө чейин республиканын аймагында согуш аракеттин жүргүзүп келет.

БУУнун 2023-жылдын 16-июлуна карата маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салып баштагандан бери эң аз дегенде 9 287 жай тургун каза таап, дагы 16 миң адам жабыркаган. Бирок уюм курмандыктардын саны алда канча көп болушу мүмкүндүгүн белгилеп келет. Бул тууралуу украин бийлиги да айтууда.