Бир кадр менен: Садыр Жапаров Меккеде кичи ажылыкка барды

Президент Садыр Жапаров Мекке шаарында Умрага (кичи ажылыкка) барды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

«Умра учурунда Садыр Жапаров өзгөчө урмат-сый көрсөтүлүп, ал ыйык Каабанын ичине кирип, намаз окуду. Мамлекет башчысы жараткандан өлкөгө өсүп-өнүгүүнү, Кыргызстандын элине бак-дөөлөттүү, берекелүү турмушту тартуулашын тиледи», — деп айтылат билдирүүдө.

Садыр Жапаров кичи ажылыкка барды. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Умра - кичи ажылык, Меккеге жана Ыйык мечитке баруу менен байланышкан, ажылык үчүн белгиленген айдан башка жылдын каалаган убагында жасалуучу зыярат.